Биз менен байланышыңыз

«Жетим-Тоо» кенинде 3 млрд 344 тонна темир бар

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 820 | 0

Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» кенинде 2010-жылдагы эсептөөлөр боюнча 3 млрд 344 тонна темир бар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев маалымат жыйында айтты.

Сагынбаев аталган кенди мамлекет өзү иштетерин, ал үчүн темирди өндүрүү боюнча улуттук долбоор түзүлөрүн кабарлады.

«Жетим-Тоо» темир кени 6 участоктон туруп, узундугу 40 чакырымга созулат. Ал темирдин камтылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

«Кенди иштетүүдө заманбап техникалар колдонулат. «Жетим-Тоодо» мөңгү жана дарыя жок, экологияга зыян тийгизбейт. Ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеши үчүн темир жол курулат», — деди Сагынбаев.

Темир жол куруу боюнча долбоордун иштөөсүнө каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан, Евразия өнүктүрүү банкынан алынат. Долбоордун башталышына 200-300 млн доллар каражат кетет.

Жапаров: Жетим-Тоодогу кендин сырьёсун Кытайга экспорттоону карап жатабыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM