Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
16-декабрда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. кармалды.
Кармалган жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда, мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды.
Ал Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.