Германияда 27-декабрдан тартып коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу «N-TV» телеканалы маалымдады.
Буга чейин Германиянын Саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан «BioNTech» компаниясынын вакцинасы жактырылышы керектигин, андан кийин гана эмдөө башталарын айткан. Шпан эмдөөнү карылар үйүнөн баштай турганын кошумчалаган.
Европанын дары-дармек боюнча агенттиги «BioNTech» менен «Pfizer» компанияларынын вакцинасын колдонууга 21-декбрда уруксат берери күтүлүүдө.
Буга чейин Германия канцлери Ангела Меркель эгер элди эмдөө эффективдүү болсо, 2021-жылдын күз мезгилине чейин Германия кадимки жашоого кайта аларын айткан.
16-декабрдан Германияда коронавируска байланыштуу абал оорлошкондугунан улам катуу чектөөлөр киргизилди. Коомдук тамактануучу жана эс алуучу оюн-зоок жайлар, маданий мекемелер ишин токтотуп, мектептер, бала бакчалар онлайн режимге өткөрүлдү. Локдаун 10-январга чейин уланат.