Биз менен байланышыңыз

Эшатов: Ишкерлер өлкөгө таштанды күйүүчү майларды алып келүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2020 | 584 | 0

Ишкерлер өлкөгө сапатсыз, тактап айтканда, таштанды күйүүчү майларды алып келүүдө. Бул тууралуу «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мунай заттардын басымдуу бөлүгү темир жол аркылуу Орусиядан алынып келинет. Алардын 70 %ы таза майлар. Ал эми сапаты начар мунай заттар аткезчилик жол менен келет. Алар товардын атын өзгөртүп алып өтүшөт.

«Биз СССР мезгилиндеги стандарттарды колдонуп келебиз. Бирок алар ЕАЭБдин стандарттарынан бир топ деңгээлде төмөн турат. Алсак, Дизель-2 боюнча 1982-жылдагы стандартты колдонуп келебиз. 1 килограммында 5 миң микрограмм серан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ишкерлер сапатсыз, тагыраагы, таштанды күйүүчү майларды Кыргызстанга алып келишүүдө. Кардардар сатып алып иштете берет, бирок абага өтө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат», — деди Эшатов.

Ал аткезчилик жол менен ташылган товарлардан салык түшпөгөндүктөн, экономикага да олуттуу зыян тийгизип жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM