Connect with us

«Бензиндин кымбаттоосуна сомдун кунунун түшүшү да таасирин тийгизүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2021 | 569 | 0

Жыл башынан бери Орусиянын мунай чыгаруучу заводдорунда бензиндин дүң баасы  100%га жогорулады. Ал эми мунай сатуучулар саткан чекене баалар 41%га гана жогорулады. Дизель отундарына болгон дүң баалар 50%, чекене баа 28%га жогорулады.

«Кыргызстандын нефтетрейдерлери» ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов «Маралга» берген маегинде баалардын жогорулашына дүйнөлүк тенденция себеп болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдын ноябрынан бери, коронавирустун 2-толкунунан кийин, дүйнөлүк экономика калыбына келе баштап, анын натыйжасында нефть жана нефти продуктуларына суроо-талап жогорулап баштады.

«ОПЕК келишиминин 11 мүчө мамлекетинин бюджети  толугу менен нефтинин баасынан көз каранды. Анткени былтыр пандемияда болгон чектөөлөрдүн натыйжасында алардын бюджеттери толбой калган. Алар нефтини өндүрүүнүн көлөмүн кыскартып, бюджетин толуктоо үчүн нефтинин баасын жогорулаткан. Ошол кезде Brent үлгүсүндөгү нефтинин бир баррели 50 долларга жете элек болсо, бүгүн 70 доллардан ашты. Алар буга кызыкдар. Быйылкы жылга бюджетти бекитип жатканда, нефтинин 1 баррелинин баасын 70 доллар деп бекитишкен.  

Баанын жогорулашынын экинчи себеби: биз нефти сатып алып жаткан Орусия — ОПЕКтин мүчөсү болбосо да, байкоочу мамлекет. Аларга да пандемияда нефти өндүрүүгө тыюу салынып, өндүрүштү кыскартып, даяр нефти продукциясынын баасын көтөрүшкөн», — дейт ал.

«Кыргызстандын нефтетрейдерлери» ассоциациясынын аткаруучу директору  нефтиге болгон баанын көтөрүлүшүнүн дагы бир орчундуу себеби катары кыргыз сомунун кунунун түшүп жатканын атады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM