Биз менен байланышыңыз

Британияда коронавирустун жаңы түрү аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 656 | 0

Британияда адистер коронавирустун жаңы түрүн аныкташты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Мэтт Хэнкок маалымдады.

Анын айтымында, коронавирустун жаңы түрү Англиянын түштүк-чыгышында оорунун тез жайылып жаткандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Министр маалымдагандай, Англияда коронавирустун жаңы түрү менен катталгандардын саны миңге жеткен. Бул мутация оорунун күчөп кетишине алып келет жана буга чейин өндүрүлүп чыккан COVID-19га каршы вакцинага терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мындан тышкары министр коронавирустун жаңы түрү жөнүндө Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмуна маалымат берилгенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM