Биз менен байланышыңыз

Референдум менен шайлоо бир өтсө, кандай коркунуч бар?

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 411 | 0

Башкаруу системасын тандоо боюнча референдум менен президенттик шайлоо бир өтсө, башаламандык жаралуу коркунучу бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоо менен референдум бир өтсө, шайлоочулардын санында эки башка айырмачылык болуп калышы ыктымал. Анткени президенттик шайлоого добуш берген адам референдумга добуш бербей коюшу мүмкүн.

Мыйзамдарга ылайык, ондон ашык жаран референдумга каршы же колдоо максатында топ түзө алат. Алар БШКга кайрылып, өздөрүнүн чечимин айтышат.

«Кайдыгер эмес жарандык активисттер тарапташтарын чогултуп, топ түзсө болот. Эрежелерин билбесе, БШКга кайрыла алышат. Радиодон же көчөдөн кыйкырбай, мыйзам чегинде өзүнчө топ түзүп катталып, тартип боюнча иш алып барып, байкоо жүргүзүп берсе, баарыбызга жеңил болмок. Мындан сырткары тараптардын колдоого же колдобоого мүмкүнчүлүгү болот», — дейт Сариев.

 

Copyright © 2017 Maral FM