Биз менен байланышыңыз

Кореянын президенти COVID-19ду токтото албай жатканы үчүн элден кечирим сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 833 | 0

Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин өлкөдө жайылып жаткан коронавирустун экинчи толкунун токтото албай жатканы үчүн элден кечирим сурады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Түштүк Кореяда акыркы бир суткада коронавирус жуктурган 1 030 жаңы учур катталды. Бул — пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Батыш басылмаларынын маалыматына караганда, өлкөнүн президенти Мун Чже Ин абалды өтө оор деп баалап, бийлик COVID-19дун экинчи толкунун токтото албай жатканы үчүн элден кечирим сурады.

Жаңы учурлардын көбү Сеулдун аймагында катталууда. Буга байланыштуу бийлик чектөө чараларын азыркыдан да катаалдатылышы ыктымал экенин билдирди. Өкмөт мектептерди жабууга, 10 кишиден ашык топтолууга тыюу салууну жана жумушка аралыктан иштөөгө мүмкүн болбогон кызматкерлердин гана баруусуна уруксат берүүнү пландоодо.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 50 кишиден ашык топтолууга, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафелер тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берип гана иштеп жатышса, ресторандар 21:00дө жабылууда.

Түштүк Кореяда пандемия башталгандан бери 42,7 миңден ашык адамга коронавирус жугуп, 580 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM