Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 9 мектеп жана бала бакча оңдолот

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 418 | 0

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардык кеңештин депутаттарынын демилгелеринин алкагында борбордогу мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо иштерине сынактык тендер өткөрөт.

Оңдоо иштери №7, №47, №8 мектептеринде жана №72, №185 балдар бакчасында терезе блоктору, №13 мектепте терезе жана эшик блоктору алмаштырылат. №53 бала бакчанын чатыры, №26 бала бакчанын жыгач полу оңдолот.

Сынактардын жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт. Тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM