Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Интернетти чектеген мыйзамды кайра кароого ниеттенип жатышат

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 657 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Твиттердеги баракчасына кесиптештери «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кайра кароого ниеттенип жатышканын жазды.

«Коомдо депутаттардын референдумду дайындоо тууралуу мыйзам кабыл алып беришкени талкууланып бүтө электе эле дагы бир сюрприз даярдалды. Алар «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кайра жандандырууну чечишти», — деп жазды Бекешев.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бул аракетке каршы пикирин жазды.

Жогорку Кеңеш быйыл 25-июнда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алган. Мыйзамга 79 депутат «макул», он депутат  «каршы» добуш берген.

3-августта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга карата каршы пикирге кол койгон.

Демилгечилер мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталганын айтышкан.

Мыйзамдын автору Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева. Ал документ интернетте жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM