Биз менен байланышыңыз

Конституциялык кеңешменин ишинин биринчи этабы жыйынтыкталды

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 657 | 0

Жаңы иштелип чыккан Конституциянын долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулоо максатында түзүлгөн Конституциялык кеңешменин ишинин биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифинг учурунда кабарлады.

Анын айтымында, Конституциялык кеңешменин биринчи этабында ар бир секция сунуштарын берди.

Эми кеңешменин экинчи этабы кийинки аптада башталып, анда юристтерден, тилчилерден түзүлгөн атайын эксперттик топ тексттерди карап чыгышат.

Андан кийин ар бир секция менен макулдашуу болуп, чогулушта добуш берилет.

Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда ишин баштаган. Ал 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулап жатат. 

Copyright © 2017 Maral FM