Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда 590 адам оор абалда

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 774 | 0

Бүгүн, 11-декабрга карата коронавирустан Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1307ге жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 327 учуру катталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 76 миң 718ге жетти.

Дагы 447 бейтап СOVID-19 илдетинен сакайып, бул оорудан айыккандардын жалпы саны 69 миң 341тү түзүүдө.

Учурда ооруканаларда 2263 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 90 адам өтө оор абалда, 590 киши оор абалда, 1559у орто оордукта, 24 адамдын абалы канааттандыраарлык. Үй шартында 2955 бейтап дарыланып жатат.

Акыркы бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, 11 бейтап айыкты.

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 4019га жетип, 3730у сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM