Биз менен байланышыңыз

УКМК: Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таиров кармалды

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 932 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Финансы полициясынын мурдагы төрагасына мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаты келип түшкөн факты аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, быйыл октябрь айында өткөн парламенттик шайлоо алдында, Финполдун мурдагы жетекчиси саясий партияны каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик орган жетекчилеринин бирин ири суммадагы акча которууга мажбурлаган.

10-декабрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирүү иштери жүрүүдө.

АКШ Райымбек Матраимовдун жубайына да санкция салды

Бакир Таиров 2018-жылдын апрель айында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Октябрь окуяларынан кийин Финполдун жетекчилигинен кеткен. Учурда аталган мекемени Сыймык Жапыкеев жетектейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM