Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлигине карата териштирүү башталды

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 584 | 0

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо тармагынын ишмердүүлүгү боюнча 34 материалды каттап, териштирүүнү баштады. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын расмий сайтына жарыяланды.

Быйыл текшерүүлөрдүн көпчүлүгү саламаттыкты сактоо мекемелеринде жүргүзүлүп, анын натыйжасында 693 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу боюнча 369 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген, 314 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 8 млн 331 миң 383 сом мамлекетке кайтарылган.

2020-жылы прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү негизинен коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү, анын ичинде коррупциялык укук бузууларды аныктоого багытталды.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар негизинен мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык укук бузууларды жасоо, мыйзамдардын талаптарын бузуу менен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, калктын саламаттыгы жөнүндө мыйзам талаптарын бузуу, ошондой эле медициналык кызматкерлердин укуктарын кепилденген коргоо менен байланышкан.

Copyright © 2017 Maral FM