Биз менен байланышыңыз

Насыя алууда тобокелдиктерди да эске алуу керек

Блог , Экономика | 10 Дек 2020 | 2374 | 0

Биз бүгүн насыя алууда тараптардын жоопкерчилигинин маанилүүлүгү тууралуу кеп кылабыз. Бул жөнүндө кененирээк маектешибиз ИНКОМ микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева айтып берет.

— Насыя алуучу менен насыя берүүчүнүн ортосунда кандай тобокелдиктер бар?

— Насыя алуу, ошондой эле аны берүү — тобокелдүү операция. Кредиттик тобокелдик — негизги карызды жана пайыздарды кайтарып бербөө ыктымалдыгы, кийинкиге жылдырылган төлөмдү же насыяны алган адам карызды төлөп берүүгө милдеттенген мезгил аяктаганга чейин пайда болушу мүмкүн болгон күтүлбөгөн жагдайлар.

— Кардар насыя алууда алданып калышы мүмкүнбү?

— Каржылык мекемелер өз ишмердүүлүгүн кардарларга карата ак ниеттик, ачыктык, ишенимдүүлүк принциптеринде, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен «Коммерциялык жана банктык сырлар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын сактап жүргүзөт. Улуттук банктын лицензиясынын же күбөлүгүнүн негизинде иштейт. Ушул себептен улам кардарда эч качан каржылык мекеме тарабынан алданып калуу мүмкүнчүлүгү жаралбайт.

— Тараптардын жоопкерчилиги канчалык мааниге ээ?

— Кардарга насыя берүү жөнүндө оң чечим кабыл алгандан кийин жана аны менен бардык шарттарды талкуулагандан кийин, насыя алуучу менен насыя келишимин түзүү керек.

Насыя келишиминде жок дегенде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • тараптардын аталышы;
  • келишимдин иштөө мөөнөтү;
  • насыянын негизги шарттары — сумма, төлөө мөөнөтү, күрөө, жылдык негизде пайыздык чен, насыя берүү формасы: накталай акча каражаттары (касса аркылуу) жана / же накталай эмес (анын ичинде кардардын эсебине, банктык төлөм карталарын пайдалануу жолу менен);
  • насыянын максаты;
  • тараптардын укуктары жана милдеттери;
  • кардардын насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп берүү укугу.

Дагы бир айта кетчү жагдай, эч качан насыя алууга шашпаңыз, оң жана терс жактарын таразалап көрүңүз. Ошентип, насыя келишимине кол коюу аркылуу сиз каржылык мекеменин бардык шарттарына макул экениңизди билдиресиз, насыяны төлөө жоопкерчилигин мойнуңузга аласыз. Эгер насыя келишиминин шарттары аткарылбаса жана каржылык мекеме тарабынан сотко өткөрүлүп берилсе, карыздарды өндүрүп алуу боюнча бардык чыгымдар карыз алуучунун мойнуна жүктөлөт. Андыктан сиз үчүн бардык шарттар түшүнүктүү экендигине жана өзүңүздүн каржылык мүмкүнчүлүгүңүзгө, төлөө жөндөмүңүзгө ишенгенден кийин гана документтерге кол коюңуз.

— Жоопкерчиликтин кызматташууга тийгизген таасири канчалык?

— Ар бир насыя алуучу өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүшү керек. Насыя алуучунун жоопкерчилиги жана укуктары жөнүндө билүү насыялар боюнча ашыкча карыздар болуу тобокелдигин төмөндөтөт. Себеби, алардын укуктарын гана эмес, милдеттерин да билип, адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурат жана эгерде ал насыя алууну чечсе, анда насыялык келишимдин аткарылбай калгандыгынын натыйжаларын эске алып, төлөмдөрдү кечиктирбейт.

— Эгер кардар биринчи жолу насыя алганы жатса, насыя берүүчү тараптын эмнесине көңүл бөлүүсү зарыл?

— Насыя алуу абдан жоопкерчиликтүү кадам болуп саналат, андыктан мүмкүн болушунча даяр жана маалыматтуу болушуңуз керек. Демек, насыя алууда шарттарга, пайыздык ченге, мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүнө жана жеңилдетилген пайыздык ченге көңүл буруу зарыл. Насыя берүү шарттары менен таанышуу этабында кыйла активдүү болуңуз. Сизди кызыктырган бардык суроолорду бериңиз, эгер түшүнүксүз болсо, дагы бир жолу сураңыз. Канчалык көп суроо берсеңиз, күмөн саноолор ошончолук азаят жана насыя алуу жолун түшүнүү ошончолук көп болот. Насыя боюнча адис сизге пайыздык чен, төлөнө турган сумма, кайрылууга документтер жана насыяны кантип төлөп берүү керектиги, ошондой эле арызды берүү убактысы жөнүндө айтып бериши керек.

Copyright © 2017 Maral FM