Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш референдум боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 1173 | 0

Жогорку Кеңеш 10-январга белгиленген кезексиз президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров 62 депутат каттоодон өткөнүн билдирди.

Электрондук табло болбогон үчүн добуш берүүдө каршы жана макул болгондордун так саны билинген жок.

Талкуу учурунда Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигуллина, Рыскелди Момбеков референдум тууралуу мыйзамга каршы пикирин билдиришти.

Акаев депутаттарга: Референдум жөнүндө демилгеңер үчүн кийин өкүнөсүңөр

Мыйзам долбоору шашылыш түрдө парламенттин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан, депутаттар ага добуш берген эмес. Документ 9-декабрда кайра кароого киргизиле турганы айтылган эле.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаев конституциялык референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте каралбастан, регламент бузуу менен сунушталганын айтууда.

«Парламенттик же президенттик башкарууну аныктоо үчүн референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуштаганын маалымдаган.

Акылбек Жапаров комитетте кворум чогулбай, сурамжылоо жолу менен бүтүргөнүн билдирген.

Демилгечилер президенттик шайлоо менен бирге бюллетенге башкаруу формасын (президенттик же парламенттик) жазып, элдин тандоосуна коюуну сунуштоодо.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM