Биз менен байланышыңыз

Акаев депутаттарга: Референдум жөнүндө демилгеңер үчүн кийин өкүнөсүңөр

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 874 | 0

Башкаруу формасын аныктаган мыйзам долбоору регламентти бузуу менен «ууруларча» каралып жатат. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев парламенттин 3-декабрдагы жыйынында айтты.

Ал өлкөдөгү башкаруу формасын аныктай турган ири мыйзам долбоору комитетте да, жалпы жыйында да бир күндө каралганын сындады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Нурбек Сыдыгалиев буга жооп кылып, референдум тууралуу мыйзам долбоору комитетке 30-ноябрда келип түшкөнүн айтты.

Жыйынга чогулууга кворум болгон эмес, бирок сурамжылоо иретинде чечим кабыл алынган.

Депутат Жанар Акаев регламент одоно бузулганын айтып, бардык аракет шашылыш болуп жатканын сындады.

«Комитеттер талкуулап, регламентти сактап карасак болмок. Биз ууруларча карап жатабыз. Жашынып, бекинип, авторлорун таппай. Президенттин өкүлү, Конституциялык кеңешмени көрсөңүз, мамлекеттин келечегин түптөш үчүн кандай адамдар чогулуп алган. Биз депутаттар өлкөнү «Түркмөнстандын жолуна» өтө тездик менен салып берип жатабыз. Абдан өкүнүчтүү. Кийинчерээк бул демилгеге өкүнөсүңөр», — деди Акаев.

Демилгечилер президенттик шайлоо менен бирге бюллетенге башкаруу формасын (президенттик же парламенттик) жазып, элдин тандоосуна коюуну сунуштоодо.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Референдум тууралуу мыйзам долбоорун ЖК комитети жактырды

Copyright © 2017 Maral FM