Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусияда вируска кабылгандар 2,5 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 630 | 0

8-декабрга карата Орусияда соңку сутка ичинде 26 097 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 85 аймагынан катталган.

Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 2 515 009 адамдан коронавирус тастыкталган, алардын ичинен 1,9 млн адам айыккан.

Акыркы сутканын ичинде коронавирус кесепетинен 562 адам каза тапты. Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 44 159 адам коронавирустан улам көз жумду.

Учурда 540 831 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM