Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Куттуу боз үй» аталышындагы көргөзмө ачылат

11-декабрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Куттуу боз үй» аталышындагы көргөзмө ачылат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунан кабарлашты.

Көргөзмөнүн ачылышында маданияттын, искусствонун жана билим чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана жаштардын катышуусунда талкуу болот.

Көргөзмө 11-25 декабрь күндөрү өтөт, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл музейлеринде уланат.

«Куттуу боз үй. Юрта благодатная. The Blessing Yurt» көргөзмөсү «2020-жылдагы искусство чөйрөсүндөгү стипендия» демилгесинин негизинде «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен уюштурулган.

Сүрөтчү Алтынай Осмоева кыргыздын боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада-салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык көз карашын заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт.

Сүрөтчүнү шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM