Биз менен байланышыңыз

7-декабрга алынган аба ырайы

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Дек 2020 | 791 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-декабрда өлкө аймагында күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -2…-7 °C, күндүз 0 … 5 °C,

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -7…-12 °C, күндүз -2…+3 °C,

Талас облусунда: түнкүсүн -9…-14 °C, күндүз 0…-5 °C,

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -8 … -13 °C, күндүз 0 … -5 °C,

Нарын облусунда: түнкүсүн -10…-15 °C, күндүз-4 … +1 °C,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -9…-11 °C, күндүз -1…-3 °C.

Copyright © 2017 Maral FM