Биз менен байланышыңыз

Орусиянын «Sputnik V» вакцинасы Өзбекстанга жеткирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 550 | 0

Орусиянын коронавируска каршы иштелип чыккан «Sputnik V» вакцинасы Өзбекстанга жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министри маалымдады.

«Sputnik V» коронавируска каршы вакцинасынын үлгүлөрүн Орусиядан Өзбекстанга Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров жеткирген. Аны Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын башчысынын биринчи орун басары Холмамат Норбоев кабыл алган.

Үлгүлөр вакцинаны каттоодон өткөрүү жана сыноо үчүн Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.

Жакынкы аралыкта чыгарылган «Sputnik V» вакцинасынын жалпы көлөмү 2 миллион дозага жетет. Бул Өзбекстандын калкын эмдөөнү баштоого мүмкүндүк берет. Вакциналарды өндүрүүнүн жана жүгүртүүгө киргизүүнүн көлөмү тынымсыз өсүүдө.

Беларусияда, ошондой эле Венесуэлада, Бириккен Араб Эмираттарында, Индияда вакцинанын клиникалык сыноолору жүрүп жатат. Бразилия, Аргентина жана башка өлкөлөрдүн көзөмөл органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

«Sputnik V» вакцинасынын натыйжалуулугунун көрсөткүчү 95 пайыздан жогору экендиги аныкталган. Ал 40 миңден ашык орусиялык ыктыярчылардын катышуусу менен масштабдуу клиникалык изилдөөлөрдүн алкагында көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары Өзбекстан Кытайдын вакцинасын да сынап жаткан учуру. Тестирлөө үчүн Кытайдан Өзбекстанга 6 миң доза вакцина жеткирилген, Өзбекстан коронавируска каршы Кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү айлампасына даяр экенин, сыноого 5 миң ыктыярчы катышарын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM