Биз менен байланышыңыз

АКШ менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 302 | 0

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүп, саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады. Сүйлөшүү видеобайланыш аркылуу болгон.

АКШ элчилигинин маалыматына караганда, Дональд Лу кызматташтык тууралуу бардык маселелер чечилип, жакынкы убакта келишимге кол коюлат деп үмүттөрүн билдирген.

«Мындан тышкары элчи уюшкан кылмыштуу топтордун негизги мүчөлөрүнө карата тергөө иштерин жүргүзүүгө жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошондой эле алардын эл аралык кылмыштуу түйүндөрүн жок кылууга АКШнын укук коргоо органдарынын жардамын сунуштады», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчи АКШ сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууларга убакыт берүү жана аны Венеция комиссиясына жөнөтүү тууралуу кыргыз бийлигинин ниетин кубаттай турганын кошумчалаган.

Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап «өлкөдөгү окуялар боюнча АКШ элчилигинин тең салмактуу билдирүүлөрүнүн маанилүү экенин» белгилеген.

Мындан тышкары министр COVID-19га каршы күрөшүүнүн алкагында өлкөдөгү ооруканаларга көрсөтүлгөн техникалык көмөгү, пандемия маалында жөнөткөн гуманитардык жардамдары үчүн АКШга ыраазычылык билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM