Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 440 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 340 | 0

Бүгүн, 4-декабрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт бейтап каза болду. Ал Бишкек шаары, Чүй облусу, Ысык-Көл, Ош облусунда катталды.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1285 адам көз жумду.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 440 учуру катталды. Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 74миң 373кө жетти.

Акыркы бир күндө 524 адам оорудан айыгып, сакайгандардын жалпы саны 66 миң 113тү түзүүдө.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 3 медкызматкер кызыл зонада жуктурган. Ал эми 15 медкызматкер айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3956 учур катталды, алардын ичинен 3649 медкызматкер сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM