3-декабрда президенттикке талапкер Аймен Касенов Борбордук шайлоо комиссиясына кол коюу барактарын тапшырды. Анын топтолгон кол тамгаларынын саны – 46 270 болду.
Мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш.
БШКнын жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын 8 календарлык күндө текшерет.
Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.
Президентти шайлоону өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.
Акыркы маалыматтарга караганда, президенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген 44 киши калды. 3-декабрга карата 14 талапкер миллион сомдук күрөөнү төктү.