Биз менен байланышыңыз

Өкмөт эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунан үмүт кылат

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 247 | 0

Эл аралык өнөктөштөр коронавирус инфекциясына байланышкан кризис маалында Кыргызстанга чоң колдоо көрсөтүп, каржылык жана гуманитардык жардам беришти.

Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирип, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну улантууга үмүттөнөрүн айтты.

Бүгүн өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин отуруму өттү. Анда пандемия учурунда өнөктөштөр көрсөткөн колдоо тууралуу маселе талкууланды.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, БУУ Кыргыз Өкмөтүнө жана элине пандемиядан улам келип чыккан социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүдө жардам көрсөтүүнү улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM