Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Өгөй атасы сабаган балага таенеси камкордук кылат

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 539 | 0

Өгөй атасы сабаган 6 жаштагы баланын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу «Маралга» жактоочу Шердор Абдыкапаров кабарлады.

Анын айтымында, балага таенеси карай турган болду.

«Азыр балага таенеси кам көрө турган болду. Тийиштүү документтер даярдалып бүтүп калды. Баланын абалы өтө жакшы. Аны сурап белек-бечкектерди берип жатышат, Германиядан бери сурагандар болууда. Апасынын боюнда бар, ошол үчүн бара албай жатат».

Жактоочунун айтымында, баланы сабаган өгөй атага ачууланган жигиттер үйүнө чейин издеп барышкан.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова 6 жаштагы баланы таенеси Ат-Башыга алып кеткенин маалымдаган.

22-ноябрда социалдык тармактарда бети-башы канга боёлгон кичинекей баланын сүрөтү жарыяланып, аны өгөй атасы урганы жөнүндө маалымат тараган.

17-ноябрда Чүй облустук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен кайрылган. Окуя Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, материалдар Сокулук райондук милициясына жиберилген.

Кылмышка шектүү Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Кийин сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазган.

Copyright © 2017 Maral FM