Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Борбор Азияда абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 444 | 0

Кыргызстанда 2-декабрга карата дагы эки адам коронавирустан каза болду. Ал Бишкек шаарында жана Ош облусунда катталды.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы учурлары 1277ге жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин  335 жаңы учуру катталды. Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 73 миң 513кө жетти.

2-декабрга карата 478 бейтап айыгып, жалпы сакайгандардын саны 65 миң 189ду түзүүдө.

Акыркы сутканын ичинде Тажикстандын аймагында коронавирус жугузган 37 бейтап катталды. Улуттук бирдиктүү порталдагы маалымат боюнча, бир суткада 41 адам ооруканадан чыгарылган.

Тажикстанда 30-апрелден бери жалпы 12 231 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 11 640 адам айыккан. Оорунун кесепетинен 86 бейтап көз жумду.

Ал эми Казакстанда соңку суткада 770 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Ыкчам штаб билдиргендей, бир күндө 500дөй адам оорудан сакайган.

Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 133 миң 118 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды.

Өзбекстанда акыркы сутканын ичинде 182 бейтап коронавирус менен катталды. Соңку суткада вирустун кесепетинен 1 бейтап көз жумган. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 611 адам каза тапты.

Пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 73 276 адамдан коронавирус аныкталса, 70 543 адам ооруканадан чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM