Дастан Дүйшөкеев Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал бул кызматка 17-ноябрда дайындалган. Бирок бул тууралуу расмий маалымат берилбей келди.
Дастан Дүйшөкеев 14-октябрда премьер-министрдин милдетин аткарган Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болгон.
Өлкөнүн тышкы саясат боюнча маселелери буга чейин Данияр Сыдыковдун жетекчилигинде болчу. Ал 2018-жылы 5-мартта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Өмүр баяны:
Дастан Дүйшөкеев 1987-жылы 12-декабрда туулган.
Жогорку билимдүү, 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин тарых жана аймак таануу факультетин аяктаган.
2015-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2008-2010-жылы «Megacom» компаниясынын Call-борборунда иштеген.
2010-2011-жылдары аталган компаниянын тейлөө борборлорун жана аймактагы байланышты өнүктүрүү боюнча ага кызматкер болуп турган.
2011-2015-жылдары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясында окуган.
2015-2016-жылдары Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун жумушчу тобунда кызматкер болгон.
2016-2017-жылдары А.П. Чехов атындагы жалпы билим берүү мекемесинде Кыргызстан, Орусия жана дүйнө тарыхы мугалими болуп иштеген.
2017-2018-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болгон. Ошол учурда бир катар эл аралык уюмдар менен болгон кызматташууга катышкан.
2018-2020-жылдары «2ГИС» жана «Полипласт-Восток» бизнес долбоорлорун ишке ашырууга катышкан.
2020- жылдын 14-октябрында премьер-министрдин маалымат катчысы болуп дайындалган. 17-ноябрда Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болду.
Расмий эмес маалыматтар боюнча, Дастан Дүйшөкеев Бишкектеги «Тай-Казан» ресторанында башкаруучу болуп иштеген. Ошондой эле Дубайда да тейлөө тармагында иштеп келгени айтылат.
«Тай-Казан» рестораны «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовго таандык экени маалым. Дүйшөкеев быйыл парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын Ысык-Көл аймагы боюнча координатору болуп иштеген.