Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар иштей баштады

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 423 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Чыныбаева ишмердүүлүгүн жанданткан мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керектигин айтты. Кире бериште фильтр коюлуп, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандардын беткап тагынуусун талап кылуу, шахматтык негизде отургузуу керек.

Ал эми тойканалар жана ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгат. Жаңы жылга карата корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM