Биз менен байланышыңыз

Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарат

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 1722 | 0

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев мурда алынган жерлерди мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтармай болду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 1-декабрда кабарлады.

Кеп 500 гектар жайыт жери, ошондой эле Токтогул районундагы 30 гектар сугат жери жөнүндө болуп жатат.

Финансы полициясынын маалыматына караганда, Сарпашев кийинки жумада жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун балансына кайтарып берет.

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Мекеме 27-ноябрда Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаган.

Маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алып, кийин аны декларацияларда көрсөтпөй, жакын туугандарына каттаган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери уланууда.

Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM