Биз менен байланышыңыз

«Каркыра» өткөрмө бекети мартка чейин жабылат

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 663 | 0

Бүгүн, 30-ноябрь кечки саат 18:00дөн баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекети убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Чектөө аба ырайынын жана жол шарттарынын кескин начарлашына байланыштуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында киргизилүүдө.

«Каркыра» жана «Кеген» көзөмөл өткөрүү пункттары 2021-жылдын 1-мартына чейин жабылат.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан «Каркыра» өткөрмө пункту май-октябрь айларында гана иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM