Биз менен байланышыңыз

Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакырылды

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 546 | 0

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Мекеме 27-ноябрда Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаган.

Маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алып, кийин аны декларацияларда көрсөтпөй, жакын туугандарына каттаган.

Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM