Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан дагы беш бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 1271ге жетти.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 380 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Бишкекте аныкталды.
- Бишкек — 137;
- Ош — 4;
- Чүй облусу – 79;
- Ош облусу — 18;
- Талас облусу — 19;
- Нарын облусу — 10;
- Ысык-Көл облусу – 38;
- Жалал-Абад облусу – 48;
- Баткен облусу — 27.
Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 72 миң 807ге жетти.
Бир суткада айыккандар 360ты түзүп, оорудан сакайгандардын жалпы саны 64 миң 149га жетти.
Стационарда 2833 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинде:
-45 адам (1,5%) — канааттандыраарлык абалда;
-1942 (68,5%) — орто оордукта;
-733 (25,8%) — оор абалда;
-113 (3,9%) — өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда – 3772 бейтап бар.