Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз күрөш» коллекциялык күмүш жана жез-никель тыйындары жүгүртүүгө чыгат

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 587 | 0

Улуттук банк 2020-жылдын 1-декабрынан тарта «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык күмүш жана жез-никель тыйындарын жүгүртүүгө чыгарат.

Монеталар улуттук спорттун түрүн даңазалоо максатында чыгарылган жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.

Көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана «Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh» жазуусу түшүрүлгөн.

Оң жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы (31,10 g) берилген.

Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган.

Ал эми оюу-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games» жазуусу түшүрүлгөн.

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Ар бир жез-никель тыйын акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.

Бардык коллекциялык монеталар өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Монетанын мүнөздөмөлөрү  

Аталышы Номиналы Металлы Өлчөмү (мм) Салмагы (г) Сапаты Нускасы (даана) Сатуу баасы (сом)
«Кыргыз күрөш» 10 сом Күмүш 38,61*38,61 31,10 Proof 1 000 2 965
1 сом Жез -никель 30,00*30,00 12,00 Proof-like 5 000 620

Copyright © 2017 Maral FM