Биз менен байланышыңыз

УКМК Чоткараевдин кармалышы жөнүндө түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 662 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин саясий куугунтукка алынгандыгы жөнүндө билдирүү таратты.

УКМК алтын контрабандасы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлап, УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев ушул иштин алкагында суракка алынганын билдирди.

2019-жылдын март айынан баштап, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, айрым жеткирип берүүчүлөр тарабынан зер буюмдардын өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик жол менен ташылып кетишине байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы УКМК ыкчам бөлүмдөрүнүн бири республикага контрабандалык жол менен ташылып бараткан салмагы 22 килограммдан ашуун алтын зергер буюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча УКМК ошол учурдагы жетекчилиги тергөө алдындагы текшерүүнү токтотуу жана конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берүү жөнүндө мыйзамсыз буйрук берген, натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылып, күнөөлөрүн мойнуна алышып, мамлекетке 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.

Көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМКнын мурдагы кызматкери Б.Э кармалып, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суракка алынды.

Copyright © 2017 Maral FM