Биз менен байланышыңыз

«Бир адамдан бир китеп» долбоору КМШнын сыйлыгына татыды

«Бир адамдан бир китеп» долбоору жана  анын негиздөөчүсү Бакай Акылбеков Көз карандысыз мамлекеттер  шериктештигинин “Содружество дебютов” сыйлыгы менен сыйланды.

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун жыл жыйынтыгы боюнча “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков “Содружество дебютов” номинациясы боюнча эл аралык сыйлыгына ээ болду. Бул сыйлыкты Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков тапшырды.

Аталган долбоорду 2019-жылдын февраль айында жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу негиздеген. Азыркы тапта доолбордун алкагында айыл жергелериинде, аскер-бөлүктөрүндө, мектеп-медресе, жатакана жана орууканаларда жалпысанан 168 китепкана ачылган. Мындан сырткары 124 000 миң китеп чогулуп, анын орточо эсеп баасы 31млн сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM