Биз менен байланышыңыз

Финансы министрлиги Сооронбай Жээнбековго канча пенсия берилерин айтты

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 3476 | 0

Мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган экс-президент Сооронбай Жээнбековго эки ай үчүн 296 миң сом пенсия бөлүнөт. Мындай маалыматты «Маралга» Финансы министрлигинен тастыкташты.

Бүгүн «Vesti.kg» сайты Сооронбай Жээнбековго жыл аягына чейин 296 миң сом өлчөмүндө пенсия чыгары тууралуу жазган.

Финансы министрлиги: «Бул жалпы сумма. Анын ичинде пенсияга жана транспортко канча бөлүнөрүн айта албайбыз. Бул маселе боюнча Президенттин жана Өкмөттүн Аппаратына кайрылуу керек», — деп билдирди.

Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамы берилген. «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин макамы жөнүндө» мыйзамга ылайык, өлкөнүн мурдагы президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын тарыхындагы 5-президент. Ал 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 2020-жылы 15-октябрда мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти.

Copyright © 2017 Maral FM