Биз менен байланышыңыз

Анарбек Калматов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалды

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 733 | 0

Анарбек Калматов Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.

Анарбек Калматов буга чейин Президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген.

Президенттин Жогорку Кеңештеги буга чейинки өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, 24-ноябрда кармалган. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM