Биз менен байланышыңыз

Германияда катаал карантин жыл соңуна чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 450 | 0

Германияда коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында киргизилген катаал карантин жыл соңуна чейин узартылды. Бул тууралуу канцлер Ангела Меркель маалымдады.

Германиядагы ноябрдын соңуна чейин киргизилген карантин абалга байланыштуу дагы бир айга узартылды.

«28-октябрда кабыл алынган чектөөлөр улантылат. Азырынча 20-декабрга чейин деп пландап жатабыз. Бирок вирусту жуктуруулар көп болгондуктан, карантин январга чейин уланышы мүмкүн», — дейт Меркель.

Ал эми жаңы жылдык эс алуулар учурунда чектөөлөрдү бир аз жумшартуу каралары айтылган.

Катаал карантин кайрадан киргизилгенден тарта Германияда маданий жана оюн-зоок жайлар, ресторандар жабылып, дүкөндөрдүн да иши чектелген. Өлкө тургундарына коомдук жайларда 10 адамдан ашык топтолууга тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM