Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан өз вакциналарын өндүрүүнү көздөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 405 | 0

Өзбекстан өз вакциналарын өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Фармацевттик өндүрүштү өнүктүрүү агенттигинин директору Сардор Кариев билдирди.

Анын айтымында президенттин токтомуна ылайык, Өзбекстанда үчүнчү деңгээлдеги коопсуздукту камсыздаган лаборатория түзүлөт.

«Президент үчүнчү деңгээлдеги коопсуздукту камсыздаган лаборатория түзүү тапшырмасын берген. Биз анда калк үчүн вакциналарды, анын катарында коронавируска каршы вакцинаны да өндүрө алабыз», — деди Кариев.

Лабораториянын өзү 8 млн доллар, ал эми вакцинаны массалык түрдө чыгаруу долбоорун кошкондо жалпы 53 млн доллар деп эсептелди.

Долбоор «Tashkent Pharma Park» фармацевтикалык кластеринин аймагында ишке ашырылат.

Буга чейин Өзбекстанда кытайдын коронавируска каршы вакцинасын тесттен өткөрүү башталганы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM