Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерге тоскоол болгон 3 негизги маселе

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2020 | 360 | 0

Тилекке каршы, Кыргызстанда саясат менен экономика айкалышып турат. Өнүккөн, мыйзамы иштеген мамлекеттерде мындай эмес. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал Таиландды мисалга алып, өлкөдө канчалаган төңкөрүштөр болсо да, Таиландга келген туристтердин агымы азайбаганын айтты.

Мусуралиев ишкерлерге тоскоолдук жараткан жагдайларга токтолду.

«Биринчиден, мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан ишкерлерди чыгымдарга кириптер кылган чечимдердин кабыл алынуусу. Экинчиден, татаал жана түшүнүксүз мыйзамдар, мыйзамдык карама-каршылыктар жана кемчиликтер. Үчүнчүдөн, өтө оор салыктык башкаруу. Бул көйгөйлөр бизнестин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратууда», — дейт Мусуралиев.

Copyright © 2017 Maral FM