Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш бюджет маселесин талкуулайт

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 657 | 0

Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин бүгүн, 25-ноябрдагы жалпы жыйынында талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жазылды.

Солтонбекованы бул кызматка премьер-министр сунуштаган. Парламенттин  конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдогон.

Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында мындан тышкары, «Өлкөнүн 2020-жылга карата бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.

Ошондой эле «2021-жылга карата жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору да биринчи окууга киргизилет.

Күн тартибинде «Комитеттердин курамдарын бекитүү, курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» да мыйзам долбоору бар.

Copyright © 2017 Maral FM