Биз менен байланышыңыз

АКШ «Ачык асман» келишиминен чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 465 | 0

Кечээ, 22-ноябрда президент Дональд Трамптын администрациясы Америка Кошмо Штаттары «Ачык асман» келишиминен чыкканын расмий жарыялады.

Белгилей кетсек, 2019-жылы «Defence News» сайты өздүк булактарына таянып, «2020-жылдын январь айында АКШда келишимден чыгуу чечими кабыл алынышы мүмкүн», — деп жазган. Бул боюнча АКШ: «Орусия келишимди бузуп, Абхазия менен Түштүк Осетиянын чек араларынан 10 км алыстыкта ​​учууга тыюу салган, ошондой эле Калининград облусунун үстүнөн учууларды чектеген, АКШнын маанилүү инфраструктурасы жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн келишимди кыянаттык менен пайдаланган», — деп айыптоодо. Дал ушул айыптардын негизинде 2019-жылдын 30-октябрында «Келишимден чыгуу жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, Сенатка сунушталган.

2020-жылдын 21-майында президенттин администрациясы алты айдан кийин келишимден чыгарын билдирген.

«Ачык асман» эл аралык келишими Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна мүчө 23 мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан кабыл алынып, 1992-жылдын 24-мартында Хельсинки шаарында кол коюлган. 2017-жылга карата Келишимге 34 мамлекет мүчө болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы келишимге кол койгон, бирок ратификациядан өтө элек.

Документке ылайык, катышуучу өлкөлөр аскерий иш-аракеттерди жана курал-жаракты көзөмөлдөө максатында бири-биринин аймагынын үстүнөн чалгындоо учууларын аткара алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM