Кечээ, 22-ноябрда президент Дональд Трамптын администрациясы Америка Кошмо Штаттары «Ачык асман» келишиминен чыкканын расмий жарыялады.
Белгилей кетсек, 2019-жылы «Defence News» сайты өздүк булактарына таянып, «2020-жылдын январь айында АКШда келишимден чыгуу чечими кабыл алынышы мүмкүн», — деп жазган. Бул боюнча АКШ: «Орусия келишимди бузуп, Абхазия менен Түштүк Осетиянын чек араларынан 10 км алыстыкта учууга тыюу салган, ошондой эле Калининград облусунун үстүнөн учууларды чектеген, АКШнын маанилүү инфраструктурасы жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн келишимди кыянаттык менен пайдаланган», — деп айыптоодо. Дал ушул айыптардын негизинде 2019-жылдын 30-октябрында «Келишимден чыгуу жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, Сенатка сунушталган.
2020-жылдын 21-майында президенттин администрациясы алты айдан кийин келишимден чыгарын билдирген.
«Ачык асман» эл аралык келишими Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна мүчө 23 мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан кабыл алынып, 1992-жылдын 24-мартында Хельсинки шаарында кол коюлган. 2017-жылга карата Келишимге 34 мамлекет мүчө болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы келишимге кол койгон, бирок ратификациядан өтө элек.
Документке ылайык, катышуучу өлкөлөр аскерий иш-аракеттерди жана курал-жаракты көзөмөлдөө максатында бири-биринин аймагынын үстүнөн чалгындоо учууларын аткара алышат.