Биз менен байланышыңыз

23-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 89 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондорду туман каптайт. Өлкөнүн бардык тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8 … -13, күндүз -1 … -6 градус;

Талас облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -1 … -6;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -5 … -10, күндүз -3 … 2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -3 … 2 градуска чейин жылыйт;

Нарын облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -1 … -6.

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы -9 … -11, күндүз -2…-4 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM