Биз менен байланышыңыз

Айыл-чарба товарларынын айрым түрлөрүн чыгарууга тыюу салынды

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 801 | 0

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө өкмөттүн токтому кабыл алынды. Бул тууралуу аткаруу бийлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Аталган чечим учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынганы айтылды.

Чечимге ылайык, көрсөтүлгөн тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилет жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык өндүрүмдөргө тиешеси жок.

Тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан-эгиндерге, кумшекерге жана башка азык-түлүккө тиешелүү.

Өкмөттүн токтому ушул жылдын 19-ноябрында күчүнө кирди. Толук текст менен тиркемеден тааныша аласыз.

Айыл чарба министрлиги малды экспорттоого тыюу салууну сунуштады

Copyright © 2017 Maral FM