Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 19-ноябрда вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева менен жолугушту.
Анда эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, медициналык кызматкерлерге төлөмдөрдү өз убагында берүү, дары-дармектер жана тест-системалар менен камсыз кылуу, ооруканалардын даярдыгы, гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнүн ачыктыгы талкууланды.
Сурабалдиева медициналык мекемелерде тест-системалар жана жабдуулар жетиштүү экенин айтты.
Талант Мамытов айрым дары-дармектердин баалары кымбаттап кетпеши үчүн алардын корун жетиштүү камсыздоону тапшырды. Ошондой эле пенсия, жөлөк пул, кенемтелерди өз убагында төлөө зарылдыгын белгиледи.