Биз менен байланышыңыз

УКМК: Визалык чектөөлөр алынып, биометрикалык паспорт бериле баштайт

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 1248 | 0

Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорттор менен камсыз болуп, визалык чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

«Кыргызстан ICAO PCD маалымат базасына кошулуп, өлкө жарандарына башка мамлекеттердин чек араларынан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорт бериле баштайт. Буга чейин Кыргызстанда жалпы жарандык биометрикалык паспорт жок болгондуктан АКШ 2020-жылдын 31-январынан тарта кыргызстандыктарга иммиграциялык виза жана грин-карта берүүгө чектөө киргизген. 2020-жылдын аягына чейин Германиянын «Muhlbauer ID Services GmbH» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун бланктарынын биринчи партиясы алынып келет», — деп айтылат маалыматта.

Бир бланк 407 сом болору күтүлүүдө.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында биометрикалык паспорттордун кечигишине бланктарды алып келүүдөгү жана чыгаруудагы коррупциялык иштер себеп болгонун аныктады.

Эгер бул келишим түзүлсө, калк үчүн биометрикалык паспорттун баасы 585 сом болот. Ошол эле учурда келишим боюнча 1,5 млн бланкты жеткирүүдө жалпы айырма 253 миллион сомдон ашык сумманы түзмөк.

2020-жылдын февраль айында АКШ бир топ өлкөлөргө виза берүү боюнча чектөө киргизген. Алардын арасында Кыргызстан да бар болчу.  Себеби Америка Кыргызстан чыгарган паспорттордо коопсуздук чаралары жетишсиз деп баалаган.

Copyright © 2017 Maral FM