Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 94,5% эффективдүү болгон дагы бир вакцина аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 587 | 0

Коронавируска каршы дагы бир вакцина таасирдүү деп табылды.

Америкалык «Moderna» компаниясы «mRNA-1273» эксперименталдык вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өтүп, коронавируска каршы 94,5 % натыйжа көрсөткөнүн айтууда.

Буга чейин «Pfizer» вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өткөнү маалымдалган эле. Ошентип АКШда коронавируска каршы экинчи дары иштелип чыкты.

АКШнын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи: «Бул абдан таасирленткен жыйынтык болду», — деди.

Жаңы жылга чейин «Pfizer» вакцинасынын 40 млн дозасын чыгаруу пландалып жатат. Ал эми «Moderna» 20 млн доза вакцина өндүрөт.

2021-жылга «Moderna» 500 миллиондон бир миллиардга чейин, «Pfizer» болсо 1,3 млрд доза чыгарууну көздөп турат.

Кытай менен Орусия жакынкы күндөрдө өздөрү өндүргөн вакцина менен жапырт эмдөө баштайт.

Державалардын таасир талашын жараткан вакциналар

Copyright © 2017 Maral FM