Биз менен байланышыңыз

Державалардын таасир талашын жараткан вакциналар

Дабагер , Ден соолук , Дүйнө | 11 Ноя 2020 | 537 | 0

Жакында эле Америка менен Германиянын биргелешкен команиясы иштеп чыккан дары сыноолордон ийгиликтүү өтүп, 90 пайыздан ашык эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Компания жетекчилери бул ачылышты «илимдеги ийгиликтүү окуя» деп атады. А вирус менен күрөшүүдө башка мамлекеттердин аракети кандай болуп жатат? Кошуна өлкөлөр каяктан вакцина алууну пландоодо? Бул тууралуу алдыда сөз кылабыз. 

Учурда дүйнөдөгү ири державалардын ортосунда коронавируска каршы вакцинаны чыгаруу боюнча тымызын жарыш жүрүүдө. Анткени вакцинаны алгачкылардан болуп ойлоп тапкандар жана аны башка өлкөлөргө сата билгендер каржылык жактан эле утпастан, медицинасынын күчтүүлүгүн да далилдейт, — дейт эксперттер. Бирок дароо эле оң натыйжа алуу кыйын. Себеби бир вакцинаны чыгаруу үчүн кеминде 1,5-2 жылдай убакыт керектелет.

Американын «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниялары тарабынан ойлоп табылган коронавируска каршы дары 90 пайыз таасирдүүлүгүн көрсөттү. Экспериментке 43,5 миңдей ыктыярчы катышып, аларга вакцина жана анын плацебосу сайылган. Катышуучулардын арасынан коронавируска 94 гана адам чалдыккан.

Компаниялар 2020-жылы 50 миллион доза, ал эми 2021-жылы бир миллиарддан ашык доза чыгарары болжолдонууда.

Коронавируска каршы вакцинанын сыноосу ийгиликтүү аяктаганы жарыялангандан кийин дүйнөдө мунайдын баасы кескин кымбаттады. «Pfizer» компаниясынын акциялары 14 %га көтөрүлдү.

Бул вакцина коронавируска каршы турууга үмүт пайда кылганын Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму да айтып чыкты. Уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус ушул сыяктуу табылгаларды пандемияны жоюу боюнча болуп көрбөгөндөй кызматташуунун натыйжасы катары баалады.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Лондон улуттук кызматтардын маалыматтарын күтүп жатканын, андан кийин гана жапырт эмдөөлөр жөнүндө сүйлөшүүгө болорун билдирди.

Евробиримдик өз кезегинде америкалык-германиялык вакцинанын 300 миллион дозасын сатып алууну көздөп жатат. Уюмдун жетекчилери сыноолор ийгиликтүү өткөнүн Европа илиминин мыкты жетишкендигинин далили деп атады. Буга чейин Европа Орусия менен Кытайдын вакциналарын колдонуудан баш тарткан.

Бул арада Борбор Азияда Өзбекстан кошуна Кытайдын вакцинасын сынайт. Тагыраагы, Кытайдан Ташкентке коронавируска каршы 5 миң вакцина жеткирилди. Эми вакцина үчүн ыктыярчылар изделип жатат. Ушу тапта түрдүү өлкөлөрдө 15 миң ыктыярчы кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычына катышып жатса, алардын беш миңин өзбекстандыктар түзөт.

Өзбекстан бир эле Кытайдыкы менен чектелбестен, Орусиянын, Европанын же АКШнын вакциналарын да сыноодон өткөрөрүн билдиришти. Буга чейин Орусиядан Өзбекстанга 35 миллион дозага чейин «Спутник V» вакцинасын жеткирүү макулдашылган.

11-августта Орусиянын коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылган.

Коңшу Казакстан өлкөсү COVID-19га каршы «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары биргелешип иштеп чыккан вакцинаны сатып алуу боюнча пикирин билдирди.

Ал эми Кыргызстан вакциналар боюнча учурда Орусияга үмүт артып турат. Анткени буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков да Орусияга иш сапарында алардын вакцинасынын ийгиликтүү сыноодон өтүүсүн күткөнүн билдирген. Жакында эле Саламаттыкты сактоо министрлиги да Орусиядан вакциналар келе турганын маалымдаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM